Кыргыз Республикасынын самбо федерациясы Айт майрамы менен куттуктайт.
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Орозо-айт майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз. Орозо кармаган бардык мусулмандарга орозоңуздар кабыл болсун деп айтабыз.
Бул ай орозо туткандар үчүн чоң сыноонун айы болду. Адал эмгекке, ак тилекке, аруулукка ыйык Рамазан айы элди асыл сапатка бурду. Туура эмес жолго азгырылбай ыйман жолу менен гана барууга күчтүү эрк керек экени кимге болсо түшүнүктүү. Рамазан айы ушундай эркти сынаган ай болду.
Орозо-айт майрамынын бир өзгөчөлүгү адамдарды бири-бирине жакындатып, биримдикке өбөлгө түзөт. Азыркы заманда адамдар бири-биринен алыстап, мамилелер сууп бара жатканда ушул күнү ар бир мусулмандын үйү бардык адамдар үчүн ачык. Ак тилегин билдирип «айт-маарек» деп айтып келген ар бир кишиге арналып дасторкон жайылып турат.
Ыйык Рамазан айы, андан кийинки Орозо-айт майрамы биздин баарыбызды кечиримдүү болгонго, элдерди бир туугандык достук мамилеге багыттайт.
Ыйык Куранда «эртең дүйнөнү топон суу каптаса да, бүгүн сен дарак тигип кой» деп айтылат. Башкача айтканда ар бир адам бүтүн нерсени бүлдүрбөй, тескерисинче жаңы нерсени жаратып, жаратман эмгекке дилин бурууга тийиш. «Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнай» турган мезгил келди. Элибиз ынтымактуу болсо бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз, чачылган жыйналат, жаралар айыгат, жергебизге береке толот.